Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде 17.05.2018 11:49

Шашылыш эскертүү: 21-майга чейин жаан, тоолордо кар жаайт

Turmush -  Өлкөнүн аймагында бүгүн, 18-майдан баштап 21-майга чейин жаан-чачын жаайт. ӨКМдин эскертүүсү боюнча, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×