Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Чүй облусуСокулук району 15.05.2018 13:43

Айыл турмушу: Ашхабадда мелдешке чыгарда паспортун жоготуп сарсанаага баткан Д.Садыркулов 1 кг салмакка арыктап кеткен (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жангарач айылынын 23 жаштагы тургуну Дөөлөт Садыркулов бир эле учурда билим алып, иштеп жана спортто ийгиликтерди жаратып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дөөлөт Садыркулов учурда Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда дене тарбия мугалими болуп иштейт жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын криминалдык тергөө факультетинде билим алат. Ошондой эле, спорттун самбо түрү менен 10 жылдан бери талыкпай машыгып келет.

«Спортко 6-классымда келдим. Анда Жангарач айылындагы Нуркамал Жетикашкаев атындагы орто мектебинде билим алчумун. Бир күнү досторум спорт залга барып машыгалы деп калды. Мен да бул жөнүндө ойлонуп жүргөм. Спорт залга барып машыктыруучум Карайт Тургунбаевге жолуктук. Ал жылуу кабыл алып, бизди спортко үндөй баштады. Ошентип, 6-классыман тартып самбо менен машыгып баштагам. Ушул он жылдын ичинде көптөгөн мелдештерге чыгып, бир топ сыйлыктарга татыдык. Бир жолу Кореяда өткөн дүйнөлүк чемпионатка барып, 3-орунду камсыздап келгем. Эми болсо жакында эле Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия оюндарына катышып, ал жактан 57 килограмм салмак менен 2-орунду камсыздадым.

Айтмакчы, Монголиянын жашоо-шарты, маданияты, эли бизден эч айырмаланбайт экен. Тилинен жана кулк-мүнөзүнөн гана бир аз айырма болбосо калганы бизге окшош. Жада калса, табияты, аба-ырайы даана эле Кыргызстандын элесин берип турат экен.

Мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 4 жыл окудум. Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда дене тарбиядан сабак берем. Ага удаалаш эле Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын криминалдык тергөө факультетинде билим алам», - деди ал.

Спортчу Ашхабад шаарында өткөн Азия чемпионатында паспортун жоготуп, кызыктуу окуяга туш болду.

«2017-жылы Түркмөн Республикасынын Ашхабад шаарында Азия чемпионаты өттү. Мелдешке 57 килограмм салмак менен чыгышым керек эле. А, мен болсо 58 килограмм салмакка жакын болчумун. Мелдешке 1 саат калган. Мен болсо салмакты түшүрөм деп ары-бери чуркап жүрөм. Бир маалда убакыт-сааты жакындап калганда чөнтөгүмөн паспортту алып, салмагымды ченеп, текшерүүдөн өтүп, катталып коеюн десем эле чөнтөгүмдө паспорт жок. Биз жаткан жатаканага чуркадым. Барып кийимдеримди аӊтарып таппай калдым. Чынында ойлобогон жаман ойду ойлоп, бир заматта сарсанаага батып кеттим. Ушунча келип алып мелдешке катышпай каламбы деп ойлодум. Салмак ченей турчу жерге барсам, жакын досум мени күтүп турган экен. Көрсө мени убара болбосун деп, паспортумду ошол жерге көтөрө барган экен. А, мен болсо ошол мүнөттөрдө сарсанаага баткандыктанбы айтор салмагым 57 килограмм болуп калыптыр. Бир чети сүйүнүп, бир чети таңкалып андан ары мелдешке жөнөдүм», - деди ал.

Дөөлөт Садыркулов үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

«Ата-энем, бир туугандарым бар, кудайга шүгүр. Өзүм 3 бир тууганмын. Келечекте ушул спортто жана тандап алган кесибимде ийгиликтерди жаратсам дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×