Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Кепер-Арык айылында аскердик техника орнотулду

Turmush -  Москва районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагындагы Кепер-Арык айылында Жеңиш күнүнө карата аскердик техника орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттүн башчысы Асылбек Нурбеков билдирди.

«Айыл элинин жана депутаттардын демилгеси менен Куралдуу күчтөргө кайрылып, аскер техникасын алып келдик. Биздин аймакка караштуу 7 айыл боюнча согуштун жалгыз эле ардагери бар. Ал — Шаршен Асаналиев. Аскер техникасын орнотуу аземи ардагердин, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басарынын жана айыл элинин катышуусунда өттү», - деди ал.

Согуштун ардагери Шаршен Асаналиев 1924-жылы төрөлгөн. Ага айыл өкмөттөн 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1096
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×