Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 12.05.2018 12:53

Чүйдө 45 жаштагы адамды өлтүрүп, тоноп, өрттөөгө шектелгендер кармалды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун милициясы адам өлтүрүүгө, тоноого жана өрттөөгө шектүү адамдарды кармашты. Бул тууралуу 12-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 23-декабрында саат 09:58 чамасында Александровка айылындагы Масанчи атындагы көчөдөгү арыкта 45 жаштагы Ж.Э аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 1987-жылы туулган А.З., жана 1991-жылы туулган Ж.А., кармалган. Алар Чүй облусунун тургундары болушкан. Ошондой эле, үчүнчү шектүү — 1985-жылы туулган Д.М., 2018-жылдын январь айында каза болуп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×