Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 11.05.2018 18:22

Чүйдүн Алчалуу айылында Жеңиштин 73 жылдыгына карата күрөш боюнча турнир өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Чүй районунун Алчалуу айылында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына жана Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына карата күрөш боюнча турнир өттү. Бул тууралуу райондук администрациянын социалдык өнүктүрүү секторунун башкы адиси Нурмат Чакеев билдирди.

«9-май күнү айыл аймакка 11 боз үй тигилип, келген конокторго жана катышуучуларга улуттук тамаш-аш менен сый дасторкон уюштурулду. Учурда тилекке каршы Алчалуу айылында бир да согуштун жана ооруктун ардагери жок», - деди ал.

Ошондой эле Чүй районунун Чүй айылында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленип, митинг-реквием болуп өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×