Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Айыл турмушу: Студент кезинде тамак уурдап жеген Р.Садыбакасов Чүй райондук маданият үйүн жетектеп келет (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 33 жаштагы тургуну Рамис Садыбакасов учурда Чүй райондук маданият үйүнүн жетекчиси болуп иштеп келет. Ал мындан тышкары тойлордо эрке баланын ролун аткарып, алып баруучу болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Рамис Садыбакасов Чүй районуна караштуу Чүй айылында 1984-жылы 8-августта жарык дүйнөгө келген.

«Ал кезде Токмок шаардык маданият техникумунун фольклор бөлүмүндө окучумун. Студенттик кез ары кызыктуу, ары шаӊдуу болот эмеспи. Азыр ал кездеги жоруктарымды эстеп алып күлкүм келет. Менин эсимен кетпеген окуялар ошол студенттик күндөрдө болду. Ачка калып, өзөргөн күндөрүбүз да өттү. Ошондой күндөрү эркек балдар чогулуп алып, тайпалаш кыздарыбыздын бышырып койгон тамак-аштарын уурдап жеп салчубуз. Курсакты кампайтып алып, билмексен болуп андан ары ишибизди улантып кетчүбүз», - деди ал.

Рамис Садыбакасов эмгек жолун өзү окуп кеткен чыгармачыл өспүрүмдөр борборунан баштаган.

«Мен аталган айылдагы №2 орто мектебине 1990-жылдары кирип, аны 2001-жылы аяктадым. Мектептен билим алып чыккан соӊ, Токмок шаардык маданият техникумунун фольклор бөлүмүнө тапшырдым. Аны 2005-жылы аяктап, туура бир жылдан кийин өзүм окуп кеткен мектептин имаратынын ичинде жайгашкан чыгармачыл өспүрүмдөр борборундагы хор ийримине мугалим болуп жумушка орноштум. Кийин көркөм жетекчи болуп жүрдүм, 2017-жылдан бери Чүй райондук маданият үйүнүн мүдүрү болуп иштеп келем. Бул кесип өзүмө абдан жагат. Албетте, кээде ичимен өзүмө жаккан кесипти тандап, аны менен иштеп келе жатканыма сүйүнөм. Үзүрлүү эмгектеримдин арты менен Кыргызстан профсоюз федерациясынын, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын жана башка жерлердин ардак баракчаларын алып келе жатабыз», - деди ал.

Рамис Садыбакасов үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы.

«Жумуштан сырткары тойлордо, ар кандай иш-чараларда алып баруучу болуп иштеп да келем. Келечекте жакшы тасмаларда роль жараткым келет. Ушул актерлукту да кыялданып, эӊсей берем», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1534
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×