Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Чүйдүн Виноградное айылында согуш ардагерлерине арналып 15 миӊ долларга эстелик тургузулду (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Виноградное айылында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып тургузулган эстеликтин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөт башчысы Бактыбек Турсуналиев билдирди.

Анын айтымында, аталган айылда согуштун бир дагы ардагери калган эмес.

«Мындан 2 жыл мурун акыркы ардагерибиз Сулайман Сатыбалдиев каза болуп калган. Анын урматына биз бир көчөгө атын ыйгарганбыз. Сулайман атабыздын балдары, неберелери өз чөнтөктөрүнөн каражат чыгарып, согуш ардагерлеринин, Ооган жана Баткен окуяларынын катышуучуларынын аты-жөнү жазылган эстелик тургузушту. Биз эстелик тургузчу жердин документин бүтүрүп бердик.

Ошондой эле атабыздын аты коюлган көчөгө балдары асма чырактарды орнотуп беришти», - деди ал.

Эстелик тургузууга 15000 доллар каражат жумшалган.

Сулайман Сатыбалдиев 1941-жылдан 1945-жылга чейин согуш майданында болгон. Андан соӊ көп жылдар бою совхоздо жетекчи болуп эмгектенген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 945
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×