Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 11.05.2018 14:44

Аламүдүндө 32 жаштагы кишини бычактап өлтүрүүгө шектелген жигит кармалды

Turmush -  Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан оор кылмыш жасоого шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, кечээ, 10-майда РИИБге азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Айтылган даракке ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, Кайырма менен Ленин айылдарынын ортосундагы жолдо зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын денеси табылган.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө каза болгон адам Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургуну У.З. экени аныкталды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, маркумдун денесине бир нече жолу бычак сайылган. Ошондой эле айылдын четинен каза болгон адамга таандык жол тандабас унаасы табылган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам аракетинин негизинде аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну А.А. (борбор калаада жашап жаткан) колго түшүрүлүп, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон адам менен шектүүнүн ортосунда карыздан улам жаңжал чыгып, ал мушташка айланган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×