Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

«Бир келинибиз көчөдө төрөп койгон»: Кызыл-Ойдогу ФАПтын абалы жана дарыгердин түйшүгү (фото)

Turmush -  Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылында жайгашкан ФАП мышык ыйлаар абалга кептелген. Анда бейтаптарды кабыл алууда шарттын жоктугу ФАПта иштеген кызматкерлерди бир топ түйшөлтүп келет. Бул ФАП 1956-жылы салынып, имарат 2002-жылы жана 2013-жылы сырдалып, акталган. Ошондон бери ФАП оңдоо иштеринен өтө элек. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сейдегүл Үркүнчиева билдирди.

Анын айтымында, ФАПта тез жардам унаасынын жоктугу да чоң көйгөйлөрдү жаратып келет.

«Мен 1966-жылы Суусамырдын Биринчи Май айылында туулгам. Кызыл-Ой айылына келин болуп келгем. ФАПта иштегениме 28 жыл болду. Негизи кесибим боюнча балдар дарыгеримин. Бирок азыр медайым болуп иштейм. Себеби, дарыгерлер бизде жетишсиз.

Бул ФАП 1956-жылы салыныптыр. 2002-жылы Садирдин Төрөалиев айыл өкмөттүн башчысы болуп турганда ФАПтын тосмолорун алмаштырып берген. Андан кийин 2012-жылы Айбек Мырзакматов айыл өкмөт башчысы болуп турганда 10000 сом акча бөлүп берген. Ал каражатка сыр, акиташ алып, оңдоо иштерин жасаганбыз. Ошондон бери бир да жолу оңдоо иштери боло элек. Өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып, актап коёбуз», - деди ал.

ФАПта кышында көмүр жагылат.

«Ичинен жылуу жана муздак суу чыкпайт. Негизи жылуу суу болушу керек. Себеби, ар бир ооруган адамдарды кабыл алганда колубузду жылуу суу менен жууп турушубуз зарыл. Бизден ушул нерсени талап кылышат.

Дарыканабыз дагы жок болгондуктан анда-санда өзүбүз дары-дармек алып келип коёбуз. Кээде шаарга каттаган таксилерге "дары ала келгиле" деп жалдырап алдыртабыз. Мисалы, бир адам ооруп келди дейли. Ага бизде болгон дарылар менен биринчи жардамды көрсөтөбүз, бирок кийинки ооруп келген бейтапка дары жок болуп калат. Ушундай учурларда акушердин да, терапевттин да ролун аткарабыз. ФАПтын ичи да, тышы да талапка жооп бербейт. Ичинде дивандары да эски, кире бериш бөлмөсүнүн терезелери дагы жок.

ФАПта тез жардам унаасынын жоктугу да чоң көйгөйлөрдү жаратып келет. Кош бойлуу аялдар толготуп келет, кээде балдар ооруп келишет. Бирде такси табылып калат, бирде жок болуп калат. Өзгөчө аялдар толготуп келгенде жолдон төрөп коёбу деп коркобуз. 2000-жылы кичинекей бала ооруп келип, шашылыш Суусамырга алып баратып, капчыгайга жеткенде унаа бузулуп калган. Алапайымды таппай калчылдап коркуп, жаным чыгып кете жаздаган. Анткени, бала дем ала албай, акыбалы оор болчу.

Бир жолу бир келинибиз дагы толготуп, такси менен көчөнүн башына жеткенде төрөп койгон. Тактап айтканда, 1994-жылы Тинатин деген эже көчөнүн башына жеткенде төрөп, ымыркайдын киндигин Ооганбек атанын үйүндө кескенбиз. 1999-жылы Мая аттуу келин да жолдо төрөгөн. Мына ушундай көп кыйынчылыктарды өткөрдүк. Айлык маянабыз мындай кыйынчылыктар үчүн аз», - деди ал.

Тинатин Барманкулованын айтымында, 4 баласын үйдө, бирөөнү ооруканада төрөсө, ал эми кызын көчөнүн башында төрөгөн.

«1994-жылы бир кызымды көчөнүн башына жеткенде төрөп койгом. Ошол көчөнүн башында Ооганбек деген ата жашачу. Кызымдын киндиги анын үйүндө кесилген. Мындай кырдаал биздин айылда көп эле жолу болгон. Азыркы учурда ФАПта шарт түзүлгөн эмес, таптакыр талапка жооп бербейт. Өзгөчө кышында сасык тумоо менен ооругандар көп болгондуктан кечке кезек күтөбүз. Ал эми Суусамырга баруу үчүн 1-1,5 саат убакыт талап кылынат. Биздин айыл эң алыскы айылдардын бири. ФАПты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп беришсе жакшы болмок», - деди ал.

456894.37d646991d923250be2213dc5495f88f

Ал эми Суусамырдагы Жалпы практикалык дарыгерлердин борборунун маалыматына караганда, аталган аймакта 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 4 ФАП иштейт.

«Кызыл-Ой айылындагы ФАПта учурда 3 кызматкер: фельдшер Миргүл Кыдыкова, медайым Сейдегүл Үркүнчиева жана санитар Чинара Абдылдабекова эмгектенет. ФАПтын имараты 1954-жылы пайдаланууга берилген. Мезгил-мезгили менен акталып-сырдалып турат. Бирок капиталдык оңдоого муктаж. 2014-жылы октябрь айында Суусамырда 52,8 млн сомго курулган эки кабаттуу стационардык оорукана колдонууга берилген. Анда күнү-түнү иштеген тез жардам пункту бар. Ошондой эле Суусамыр өрөөнүндөгү 7307 адамга кызмат көрсөткөн тез жардам унаасы да бар. Тез жардам пунктунда эки фельдшер жана эки айдоочудан түзүлгөн 2 бригада иш алып барат. Тез жардам кызматы чакырылган учурда борбордон 45 чакырым алыстыктагы ар бир тургунга көңүл бөлүнөт.

Кызыл-Ой айылынын 1972-жылы туулган тургуну Тинатин Курманалиева төрөгөн учурда акушердик жардам көрсөтүлгөн. Ал 2005-жылы 23-июнда Ооганбек Эмилбековдун (Жибек жолу көчөсүндө жайгашкан үйдө) үйүндө көз жарып, ага медайым С.Үркинчиева тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Анын кызы — Ш.З. кызы учурда 12 жашта. Анын ден соолугу жакшы жана 6-класста окуп жатат.

Аймактагы бардык ФАПтар зарыл болгон дары-дармектер менен камсыздалган. Суусамыр өрөөнүндөгү бардык медициналык мекемелер айыл өкмөттүн эмес, Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансында турат. Бирок буга карабастан Суусамыр айыл өкмөтү жыл сайын Жалпы практикалык дарыгерлердин борборуна жана ФАПтарга материалдык жардам көрсөтөт. 2017-жылы Кызыл-Ой айылындагы ФАПка авариялык абалдарды жоюу үчүн 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлгөн», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев Кызыл-Ой айылында жайгашкан ФАП Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансындагы имарат экендигин билдирди.

«Бул ФАП негизи Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансында турган имарат. Биздин тиешебиз жок. Мисалы, биз оңдоп койсок, эртеңки күнү текшерүү келсе "эмне үчүн башка бирөөнүн балансындагы имаратты оңдоп жатасынар?” деп бизге чара колдонулушу мүмкүн. Биз Суусамыр ооруканасынын мурунку жетекчиси болуп бул маселе боюнча министрликке кайрылып, "бизге өткөрүп бергиле, ФАПты оңдоого толук кудуретибиз жетет" десек аталган түзүм уруксат бербей койгон», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3520
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×