Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуЧүй району 11.05.2018 11:39

Казакстанда туулуп, Кыргызстанда жашаган 32 жаштагы Е.Камаров изделүүдө (фото)

Turmush -  Чүй районунда 32 жаштагы Евгений Камаров аттуу жигит изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга милициядан кабарлашты.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Е.Камаров ушул жылдын 9-март күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Ал Казакстанда туулуп, Кыргызстанда жашап жаткан.

Айылдаштары Евгений Камаров кара жумуш менен алектенип келгенин айтышты.

«9-март күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келбептир. Жакындары 13-март күнү милицияга арыз жазышкан. Анын акыл-эси ордунда, ден соолугу чыӊ эле адам. Ал кимдир бирөөнүн мал чарбачылыгында иштеп жүрүшү мүмкүн деген божомолубуз бар. Бул боюнча милицияга да айтылган», - деп билдиришти айылдаштары.

Өзгөчө белгилери: бою 160-162 см чамалуу, орто денелүү, бети сүйрү, көзү күрөӊ, чачы кара жана кыска, тармал.

Кийген кийимдери: спорттук кара куртка, сары түстөгү спорттук шым, бутунда көлөшү бар.

Бул жигит тууралуу билгендер Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө же 0 (708) 67-27-87, 0(505) 30-08-87, 0 (701) 15-30-05 номурларына кайрыла алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×