Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 11.05.2018 08:20

Ысык-Атадагы тургундун тракторун уурдап кетишти

Turmush -  Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында белгисиз адамдар тарабынан «МТЗ-80» үлгүсүндөгү трактор унаасы уурдалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милиция кызматкерлерине аталган айылдын 43 жаштагы тургуну 28-апрелге караган түнү өзүнө таандык трактор уурдалганы тууралуу арыз менен кайрылган.

«Бул факты Ысык-Ата РИИБге катталды. Уурдалган трактор көк түстө, сол эшиги жана арткы, алдыңкы жарык берүүчү фарасы жок болгон», - деп айтылат маалыматта.

Уурдалган транспорт каражаты тууралуу маалыматы бар адамдар Ысык-Ата РИИБге же 0701 61 69 07, 0707 25 79 02 телефон номурларына билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×