Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 10.05.2018 16:59

Видео, фото — Токмокто тургундар жасаган көпүрөдөн кулаган 4 жаштагы кызды суу бир топ жерге чейин агызып барган

Turmush -  Токмок шаарынын 4 жаштагы тургуну А.Сумая ушул жылдын 4-майында Рихард Зорге көчөсүндө көпүрөнүн үстүнөн кулап, сууга агып кеткен. Анын жансыз денеси көпүрөдөн 40-50 метр алыстыктагы жерден табылган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кыздын агасы Элчибек Эшенов билдирди.

Анын айтымында, А.Сумая бир тууган агасынын кызы болот.

«Мен Сумаянын агасымын. Ал бир тууган агамдын кызы болот. Өткөн аптанын бейшемби күнү ушундай каргашалуу окуя болуп, азыр жаман болуп турабыз.

Бул көпүрөнү эл өзү эле жасап, эки цемент тумбаны узатасынан жаткырып койгон. Андан кичинекей бала эмес чоӊ киши араӊ өтөт. Ушул көпүрө аркылуу эл көп каттайт жана окуучулар мектепке барып-келишет. Мындан бөлөк ары жакта дагы бир көпүрө жайгашкан. Бирок ал дагы жарактан чыгып калды. Кышкысын муз тоӊгон маалда өтө кооптуу болуп калат. Биз бул окуядан кийин ушул айланада жашаган тургундар менен бирге калаа бийлигине кайрылып жатабыз. Алар бүгүн-эртеӊ бул көпүрөнү коопсуз кылып жасап беришмей болду», - деди ал.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, 4-майда кечке маал балдар көпүрөдөн өтүп бара жатканда, алардын арасындагы Сумая көпүрөдөн кулап, сууга агып кеткен. Суунун катуу агымы кызды көз ачып-жумганча бир топ жерге чейин агызып барган. Жарым сааттан кийин кыздын жансыз денеси көпүрөдөн 40-50 метр алыстыктагы жерден табылган.

4 жаштагы Сумая 4 бир туугандын үчүнчүсү болгон.

Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, 4 жаштагы кыз туурасы 12 метр, бийиктиги 40 см болгон дренаждык каналга кулаган.

«Ата-энеси арыз жазуудан баш тартышты, мындан улам кылмыш иши козголгон жок», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев бул көпүрөнүн ордуна жаӊы жана коопсуз көпүрө курууга тапшырма бергенин билдирди.

«Албетте, эӊ биринчи шаардыктардын коопсуз жашоосу туруш керек. Мен бул окуяны укканда дароо тиешелүү кызматкерлерге тапшырма бердим. Буюрса бүгүн-эртеӊ ал көпүрө жасалат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×