Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 10.05.2018 16:14

Жайылда турак үйдү талкалоого шектелип 29 жаштагы жигит кармалды

Turmush -  Жайыл районунда ээнбаштыкка шектелип 29 жаштагы жигит кармалды. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жайыл РИИБге 46 жаштагы аял арыз менен кайрылып, ушул жылдын 7-майында белгисиз бирөө короосунун дарбазасын талкалап, андан соң үйүнө чейин атырылып кирип барып, тамынын эшигин жана терезелерин сындырып качып кеткендигин билдирген.

Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектелип 29 жаштагы Е.Г. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×