Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусу, Токмок 10.05.2018 15:33

Токмок шаарында Улуу Жеӊиш майрамы кандай белгиленди? (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 8-9-май күндөрү Улуу Жеӊиш майрамы салтанаттуу белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 8-майда Токмок шаарында согуштун ардагерлерине арналып орнотулган эстеликке гүл коюлуп, каза болгондордун арбагына багышталып куран окутулду. 9-майда шаардын борбордук аянтында 2000 киши 12 аскердик техниканын коштоосунда парадга басып, «Өлбөс полк» жүрүшү өткөрүлдү. Андан соӊ, концерттик программа уюштурулуп, ага 10 миӊдей киши, Саламаттыкты сактоо министри, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагулов, Токмок шаарынын мэри жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Учурда Токмок шаары боюнча 5 ооруктун катышуучулары жана 3 согуштун ардагери бар. Шаар башчысы Данияр Амангелдиев ар бир ардагердин үйүнө барып, ардагерлерге 6 миӊ сомдон жана ооруктун катышуучуларына 4 миӊ сомдон тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×