Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Чүй районундагы согуштун эки ардагерине 120000 сомдон акчалай сыйлык берилди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине жана ооруктун эки катышуучусуна акчалай сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү секторунун башкы адиси Нурмат Чакеев билдирди.

Маалым болгондой, Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Чүй райондук жана Токмок шаардык социалдык фонду, Токмок шаардык биргелешкен аскердик комиссариаты, Чүй райондук ички иштер бөлүмү жана Чүй районунун демөөрчүлөрү тарабынан согуштун ардагерлери Токтобек Ниязалиев менен Баар Кыдыргычевго 120000 сомдон (жалпы 240000 сом), ооруктун катышуучулары Фердаус Арзиева менен Ишенаалы Сулаймановго 55000 сомдон (жалпы 110000 сом) акчалай сыйлык тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1208
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×