Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 10.05.2018 13:09 На русском

«Ала-Арча» паркында 21 жаштагы жигитти топ балдар сабап кетишти

Turmush -  Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 6-майда шаардык ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө денесинен жаракат алган 21 жаштагы жигит түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Ыкчам тергөө тобу жабырлануучу денесиндеги жаракатты «Ала-Арча» эс алуу багында алып, ооруканага түшкөнүн аныктаган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 6-май күнү 21 жаштагы Д.Н. достору менен «Ала-Арча» паркында эс алганы белгилүү болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча, аларга 10-15 белгисиз адам келип, жаңжал чыгарууга аракет кылышкан. Андан кийин аларды ур-токмокко алып, таш менен урушкан. Анын кесепетинен жаракат алган жигит оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Мындан тышкары, денесинен жаракат алган эки жигит да ооруканага кайрылып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген.

РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Хонда Цивик» менен «Хонда Одиссей» унаалары жана алардын ээлери, жүргүнчүлөрү аныкталган. Окуянын чоо-жайын аныктоо максатында 1999-2000-2001-жылдары туулган 7 жигит РИИБге жеткирилди.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 243-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кармалган жарандардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Экспертизанын жыйынтыгы боюнча аталган берене кайрадан оор беренеге өзгөртүлүшү мүмкүн. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×