Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуКемин району 10.05.2018 08:11

Кеминде эркин күрөш боюнча ачык биринчилик өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгынын алкагында Кемин районуна караштуу Тегирменти айылында окумуштуу, спорттун ардагери Кайып Оторбаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси Айбек Мамбетказиев билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке Тегирменти, Чым-Коргон айылдарынан, Чүй районунан, Кемин, Балыкчы шаарларынан, Байтик, Шабан, Калмак-Ашуу айылдарынан, Талас районунан жана Бишкек шаарынан келген спортчулар катышты. Ачык биринчиликтин жыйынтыгында 1-орунду Тегирменти айылындагы уюштуруучу, машыктыруучу Калмир Кочорбаевдин спортчулары алса, 2-орунду Балыкчы шаарынан, 3-орунду Кемин шаарынан, 4-орунду Талас районунан жана 5-орунду Чүй районунан келген балбандар ээлеп, акчалай сыйлыктар, диплом, грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×