Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Кемин шаарында согушта курман болгондор эскерилип, асманга 3 ирет залп атылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Кемин шаарындагы «Жеңиш» паркында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чара «Өлбөс полк» жүрүшү менен башталып, ага миңден ашык адам катышты. Андан соң, иш-чара райондук ички иштер бөлүмү баштаган парад менен улантылды.

Ошондой эле, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү болуп, асманга 3 ирет залп атылды. Иш-чарага Кемин районунун акими Ж.Дүйшебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Жаныбек Ажыбаев, Кемин шаарынын мэри С.Досов, согуш ардагери Н.Щербакова жана ардагерлер кеңешинин төрагасы катышып, куттуктоолорун айтышты. Райондук маданият бөлүмү жана мектеп окуучулар тарабынан концерттик программа тартууланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 442
×