Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуКемин району 09.05.2018 17:33

Улуу Жеңишке 73 жыл: Орловка шаарында «Скорпион» спецназынын аскердик машыгуулары көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Кемин районуна караштуу Орловка шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, «Скорпион» спецназынын аскердик машыгуулары көрсөтүлүп, «Өчпөс полк» жүрүшү өткөрүлдү. Ошондой эле, ардагерлерге ысык тамак уюштурулуп, майрамдык концерт тартууланды.

Буга чейин 1-майдан 9-майга чейин «Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте сакталсын» аттуу акция өткөрүлүп, райондогу согуштун 4 ардагерине жана 14 оорук эмгекчилерине колдоо көрсөтүү максатында демөөрчүлөр менен иштер жүрдү. Ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып тургузулган эстеликтерди оңдоо иштери жүрүп, мектептерде ачык сабактар, класстык сааттар өтүлүп, ардагерлер менен жолугушуулар өттү. Райондогу китепканаларда китеп жарманкелери жана көргөзмөлөрү уюштурулду. Мындан тышкары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 1 согуш ардагерине 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×