Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Улуу Жеңишке 73 жыл : Ысык-Атанын Туз айылындагы согуштун ардагерлерине түстүү сыналгы берилди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Туз айылында жайгашкан Төмөнкү Серафимовка социалдык-станционардык мекемесиндеги Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине акчалай жардам жана түстүү сыналгы берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мекеменин кызматкери Назгүл Сейталиева билдирди.

«Биздин мекеменин 92 жаштагы тургундары Елена Манеева менен Василий Олейников үчүн өзгөчө күн болду. Анткени Улуу Жеңиштин урматына Туз айыл аймактын башчысы тарабынан гүлдесте жана акчалай сыйлык берилди. Ошондой эле мекемебиздин жетекчиси Бактыбек Жунушев ардагерлерди куттуктап, өкмөттөн белек катары келген түстүү сыналгыны тапшырды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 362
×