Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Улуу Жеңишке 73 жыл: Жайылда жашап жаткан 19 ардагердин сүрөтүн жөө жүрүшкө көтөрүп чыгышты (фото)

Turmush -  Жайыл районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 19 ардагери жашаса, алардын ичинен экөө аялдар. Бул тууралуу ардагерлердин бири Павел Петрович Нестеров билдирди.

Анын айтымында, 19 ардагердин төртөө гана өз алдынча басышат. Алардын бардыгынын жашы 90дон ашкан. Жеңиш майрамынын 73 жылдыгына арналган «Өлбөс полк» жүрүшүндө аталган ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.

«Бул тактайчаны өзүм жасадым. Бул биздин тирүү аталарыбыз. Алар бизге жеңишти алып беришти. Биз бүгүн Жеңиш күнүн майрамдап жатабыз. Аларга ден соолук жана узак өмүр каалайм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 341
Көп окулду
×