Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Панфилов районунда Жеңиш күнү 15 миңдей адамдын катышуусунда белгиленип жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунда Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгына арналган иш-чара өтүп жатат. Ага болжолдуу 15 миңге жакын адам катышып жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондогу 30га жакын уюмдун кызматкерлери майрамга карата уюштурулган жүрүшкө катышты. Салтанаттуу иш-чара СССРдин баатыры, генерал-майор Иван Васильевич Панфиловдун айкелинин жанында өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө тургундарды райондун акими Мелис Раимкулов куттуктады.

Панфилов районунда Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагери жашайт. Алар — Вознесенов айылында жашаган бир туугандар Иван жана Василий Буряк. Ардагерлер бир нече жылдан бери ден соолугуна байланыштуу 9-майда уюштурулган майрамдык иш-чарага катышпайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 323
Көп окулду
×