Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 08.05.2018 16:33 Жаңыланды: 08.05.2018 18:20 На русском

Фото - Суусамырда май ташыган унаа менен кагышкан «Мерседес-Бенцтин» айдоочусун жүк басып калды

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндөгү жол кырсыктан жаш жигиттин өмүрү кыйылды. Окуя жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» жана күйүүчү май ташыган «Вольво» унааларынын катышуусунда бүгүн, 8-майда болгон.

Окуя болгон жерге биринчилерден болуп Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери жетип, жардам көрсөтүштү. Ал эми оор жаракат алган адам дарыгерлер жеткиче көз жумган.

Кийинчерээк бул кырсык тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы «Мерседес-Бенц» унаасын Токтогул районунун 1993-жылы туулган тургуну башкарып бара жатканын билдирди. Айдоочу унаа кулаганда анын ичиндеги жүктүн алдында калган.

Ал эми май ташыган унааны 1966-жылы туулган О.Б. башкарып жүргөн. Бул унаада ошол учурда 20 тонна күйүүчү май бар болчу.

Окуяга байланыштуу тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×