Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Чүйдүн 54 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалды

Turmush -  Чүй облусунун 1964-жылы туулган тургуну баңгизат менен кармалды. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгикоррупциянын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюуга багытталган атайын операция жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 5-май күнү саат 11:25 чамасында Чүй районунун Карой айылында ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, Чүй облусунун 1964-жылы туулган М.А. аттуу жашоочусун кармашкан. Текшерүү учурунда курткасынын чөнтөгүндө баштыкка салынган өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү 180 даана брекеттелген зат табылган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо,ташуу, жөнөтүү, же сатуу) менен кылмыш иши козголду.

Химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган заттын жалпы салмагы 600 граммды түзүп, гашиш баңгизаты болуп чыккан. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 419
×