Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусуСокулук району 07.05.2018 15:03

Сокулуктук спортчулар Нарында өткөн ушу саньда боюнча Кыргызстандын кубогунда байгелүү орундар менен келишти (фото)

Turmush -  Сокулуктук спортчулар 3-майдан 6-майга чейин Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында өткөн ушу саньда боюнча Кыргыз Республикасынын кубогунда байгелүү орундар менен келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Анын айтымында, аталган турнирге Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл өкмөтүнүн Шалта айылынан 8 спортчу катышкан. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Абай Жылдызов, Арсен Шаймергенов, Нурсен Шаршенов жана Эльмар уулу Санжарлар ээлешсе, Кубат Талантбеков менен Бакыт Чолпонкулов 3-орунду багындырышты.

Аталган спорттук мелдешке катышууга айыл өкмөт 10 миӊ сом бюджеттен бөлүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×