Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Кеминдеги тоодон «Мицубиси» 20 жолу оодарылып түшүп, 2 адам каза болду

Turmush -  Кемин районунда тоодон түшүп келе жаткан «Мицубиси Делика» унаасы болжол менен 20 жолу оодарылып, эки адамдын өмүрү кыйылды. Ошондой эле 2 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Чүй ОИИБдин билдирүүсү боюнча, 5-майда саат 21:00 чамасында Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чоң-Кемин айылынын Көк-Ойрок жайлоосундагы Жашыл-Көл аймагында унаа оодарылып жатканы тууралуу малымат берилген.

Алдын ала такталган маалыматтар боюнча, «Мицубиси» унаасы таш жолдо түштүк багытка бара жатканда айдоочу башкарууну жоготкон. Анын кесепетинен тоонун боорунан (жар) 20 жолу оодарылып кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 45-55 жаштар чамасындагы Бактияр аттуу жүргүнчү оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумду. Унаанын 1958-жылы туулган айдоочусу башынан, баш мээсинен жана башка мүчөсүнөн оор жаракат алып, Токмок шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок оор жаракат алган айдоочу дарыгерлердин аракетине карабастан көз жумду. Ал ооруканага жеткирилгенде организминде алкоголдук ичимдик бар болгон.

Ооруканага жеткирилген жабырлануучулар:

- Кемин районунун 1966-жылы туулган тургуну М.Б. Башы, баш мээси, омурткасы жабыркап, ооруканага барганда мас абалда болгон.

- 1985-жылы туулган О.Т. Ал Жети-Өгүздүн тургуну. Башы, баш мээси жабыркап, ооруканага барганда мас абалда болгон.

Учурда жол кырсыккка байланыштуу тактоо иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 820
×