Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 07.05.2018 10:16

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында чоң өрт чыкты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-майда саат 02:30 чамасында Аламүдүн районундагы Мраморный айылынын жанында жайгашкан «Бишкек» эркин экономикалык аймагында 3 ангар күйүп кетти. Жабыркагандар жок.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы, №4 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, №6 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №8 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №23 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу, мындан сырткары ИИМден 70 кызматкер, РЭТ ишканасынан 1 бригада тартылган. Өрт саат 06:30да чектөөгө алынды.

Учурда өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×