Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуКемин району 07.05.2018 10:02

Кеминдин Чым-Коргон айылында спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айыл өкмөтүндө социалдык мекемелер арасында ден соолукту чыңдоо, ынтымакты бекемдөө жана элди таза жашоого үндөө максатында «Таза жашоо — ден соолуктун булагы» аттуу спорттук мелдеш болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага Чым-Коргон орто мектебинен 3 команда, Чым-Коргон айыл өкмөтүнөн, бала бакчадан, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан, Ак-Тилек орто мектебинен жана Самансур орто мектебинен бирден командалар катышты. Спорттук мелдештин жыйынтыгында аталган командалар «Шайыр команда», «Спорттук команда», «Ынтымактуу команда», «Кызыктуу команда», «Эрке команда» номинацияларын алып, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×