Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

«КамАЗ» менен кагышып өрттөнгөн «Лексус»: Жол кырсыктан айдоочу менен 4 жаштагы наристе каза болду (толукталды)

Turmush -  Аламүдүн районундагы Ленин айылынын Алма-Ата көчөсүндө 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык болду. ӨКМдин маалыматы боюнча, 5-майда саат 18:25 чамасында «КамАЗ» унаасы менен «Лексус» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру B0076AC) унаа кагылышкан.

Анын кесепетинен «Лексус» толугу менен күйүп, анын ичиндеги 2 адам — 1973-жылы туулган А.Б. жана анын 2014-жылы туулган баласы Б.уулу Р. каза болду. Бул кырсыктан 2 адам жабыркаган, учурда алардын аты-жөнү такталып жатат.

Окуянын күбөлөр Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, жүк ташуучу унаа менен кагышкан жол тандабас катуу ылдамдыкта келе жаткан.

«Биз көргөндө алдыдагы "КамАз" түштүк тарапка Жибек Жолу көчөсү боюнча багыт алып бара жаткан. Бир аздан соң катуу ылдамдыкта келе жаткан "Лексус GX470" жүк ташуучу унаанын артына кирип кетти. Окуяга күбө болгон адамдардын баары чогула калып, жол тандабастын ичинен адамдарды чыгарууга аракет кылдык. Ал унаада 4 адам бар экен. Анын бири ошол жерде каза болуптур. Ал эми кичинекей өспүрүм баланы оор абалда ооруканага алып кетишкен. Кийинчерээк наристе каза болуп калганын уктук. "Лексус GX470" унаасы дизель менен жүрөт экен. Биз төрт адамды унаадан сыртка ыкчам чыгарбаганыбызда баары күйүп кетишмек. Анткени биз аларды чыгаргандан кийин унаа жарылып, өрттөнүп кетти», - дешти күбөлөр.

Кийинчерээк Turmush басылмасына Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа май куйуучу жайдан чыгып, жолдун четинде бара жаткан.

Айдоочунун айтымында, соккудан улам унааны токтотуп, сыртка чыккан. Ал «Лексус GX470» жүк ташыган унааны сүзүп токтогонун көргөн. Ал наристени көргөндөн кийин дароо жардам берүүгө аракет кылган. Аталган унаанын ичиндеги жүргүнчү алган жаракатынан улам каза болгон айдоочуну сыртка алып чыккан. Андан кийин жол тандабас өрттөнүп баштаган.

Жол кырсык болгон жерге биринчилерден болуп ЖКККБнын кызматкерлери барышкан. Андан кийин тез жардам кызматы келип, жабыркаган наристени алып кетишкен. Ал эми жүк ташыган унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Жабырлануучулар жана каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени аныкталды. Жол кырсыктан 1966-жылы туулган айдоочу (жүргүнчүнүн байкеси) жана 2014-жылы туулган Б. уулу Р. (жүргүнчүнүн уулу) көз жумду.

Буга чейин ӨКМ аталган жол кырсыктан 1 адам көз жумганын билдирген болчу. Өрттү өчүрүүгө саат 18:25те ӨКМдин Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм барып, саат 19:25те өрт толук өчүрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5494
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×