Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Абдышүкүр Нарматовдун унаасын талкалап, уулуна ок атып кетишти

Turmush -  Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун унаасынын терезелерин талкалап, ичиндеги акчасын алган белгисиз адамдар изделип жатат. Ошондой эле алар А.Нарматовдун уулуна ок чыгарышкан, деп билдирди булактар.

Бул маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап: «3-майда саат 04:20 чамасында А.Нарматов аттуу жарандын Көк-Жар конушундагы үйүнүн короосунда токтоп турган "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаасынын терезесин белгисиз адамдар талкалаган. Анын ичинен 8 миң сом акча жоголду. Андан кийин белгисиз уурулар үйгө кирүүгө аракет кылышып, ошол учурда үй ээси менен 1997-жылы туулган уулу ойгонуп кетишкен. Уулу сырттагы белгисиз эки адамды көрүп, дароо артынан кууп жөнөгөн. Алардын бирине жетип, кармашып жатканда, экинчиси тапанчадан 2-3 жолу ок чыгарып, шериги экөө качып кетүүгө жетишкен. Үй ээсинин уулу жаракаты менен дароо ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөткөндөн кийин үйүнө кеткен», - деп айтылат.

Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБи уурулук жана каракчылык фактылары боюнча иш козгоп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул окуя кандай болгонун Абдышүкүр Нарматов Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Ал уурулар коңшубуздун короосу аркылуу биздин короого киришкен. Кошунанын үн берүүчү жабдыгы (сигнализация) болгондуктан кире алышкан эмес. Ал күнү уурулар биздикинен башка үйлөргө да киришиптир.

Эртең менен багымдат намазын окуганы ойгонгондо эшикте дабыштарды уктук. Үйдөгү жарыктарды күйгүзүп, эшикке чыксам эки чоочун адам жүрүптүр. Алардын бири көчө жакка качып кетип, экинчиси кошунанын короосу аркылуу көчөгө чыкты. Анын артынан кууп, колумдагы буюмдар менен чапкылаганга жетишип калдым. Ошол учурда уулум артымдан жете келди. Уурулардын колунда травматикалык тапанчасы бар экен. Алгач байкаган эмеспиз, кийин уулумдун бутуна ок тийип, көгөрүп калганын билдик», - деди А.Нарматов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 26377
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×