Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Фото, видео - Аламүдүндө «КамАЗ» менен кагышкан «Тойота» өрттөнүп, бир адам күйүп кетти

Turmush -  Аламүдүн районундагы Ленин айылынын Алма-Ата көчөсүндө адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду. ӨКМдин маалыматы боюнча, кечээ, 5-майда саат 18:25 чамасында «КамАЗ» унаасы менен «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру B0076AC) унаа кагылышкан.

Анын кесепетинен «Тойота» толугу менен күйүп, анын ичиндеги 1 адам каза болду. Бул кырсыктан 2 адам жабыркаган, учурда алардын аты-жөнү такталып жатат.

Өрттү өчүрүүгө саат 18:25те ӨКМдин Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм барып, саат 19:25те өрт толук өчүрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2164
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×