Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 05.05.2018 12:42

Сокулуктагы Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Turmush -  Мындан ары Сокулук районундагы Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Сейдалиев Адылет Айтбекович эмгектенет. Шайлоо кечээ, 4-майда өтүп, 2 талапкер ат салышкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен А.Сейдалиевдин талапкерлигин жалпы 21 депутаттын ичинен 12 эл өкүлү колдоду. Ал эми экинчи талапкерди 8 депутат колдоп, бири экөөнө тең каршы болгон.

Буга чейин төрт жолу Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон Таалайбек Корголдоев мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×