Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.05.2018 11:56

Кара-Балтада окуучулардын республикалык спартаикадасы салтанаттуу башталды (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» стадионунда кечээ, 4-майда саат 17:30да өлкө аймагындагы мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасы салтанаттуу ачылды. Бул спартакиадага Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустары жана Бишкек шаарындагы мектептердин 506 окуучусу жолдомо алган болчу.

Мелдештер спорттун 6 түрү боюнча: грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыргыз күрөш, стол тенниси, улуттук оюндардан ордо боюнча өтүп, акыркысы «дени сак муун» деп аталат.

Иш-чаранын ачылышына өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн Ализа Солтонбекова катышып, жалпы катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×