Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Төлөмүшов жоголгондугу тууралуу маалыматты четке какты

Turmush -  Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Төлөмүшов өзүнүн жоголгондугу тууралуу маалыматты четке какты.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Б.Төлөмүшов бүгүн пландалган ишембиликке катышпаганы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Ишембиликтин катышуучулары аны менен байланыша албай коюшкан.

Turmush басылмасынын кабарчысы Б.Төлөмүшов менен телефон аркылуу байланышып, окуянын чоо-жайын тактады. Анын айтымында, эртең менен жер боюнча адис экөө суунун деңээли төмөндөп кеткен көлмөнүн абалын көрүү үчүн барышкан.

«Аталган аймакта телефон тартпайт. Ал жерден саат 10:30да келип, ишембиликке катыштым. Ишембиликте жүргөнүмдү баары көрүшкөн болчу. Москва райондук администрациясынан келип, мени таппай акты түзүп кетишиптир. Аларга да абалды түшүндүрүп бердим», - деди ал.

Ал эми Москва районунун акиминин биринчи орун басары Элина Сердюкованын айтымында, Б.Төлөмүшов бүгүнкү ишембиликке катышкан. «Бизде масштабдуу ишембилик болду. Мен күбөмүн. Анын жоголгондугу жөнүндө маалымат каяктан чыкты билбейбиз. Биз таң калып жатабыз», - деди ал.

Элина Сердюкова

Айыл өкмөттүн жер пайдалануу боюнча адиси Азамат Нышанбаев саат 08:30 чамасында Б.Төлөмүшов менен бирге чоң көлмө жайгашкан аймакка барышканын билдирди. «Бул көлмөнү бир жаран менчикке чыгарып, көлдү тазалайм деп 2 жумалык суунун запасын түшүрүп салгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал 90 гектар айдоо аянтын суу менен камсыздайт. Тургундар буга нааразы болгондуктан биз маселени чечүү үчүн барганбыз. Ал жакта телефон тартпайт. Кээде иштесе, кээ бирде такыр тартпай калат. Биз ал аймактан саат 10:30 келгенбиз», - деди ал.

Азамат Нышанбаев

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 988
Көп окулду
×