Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусу 04.05.2018 19:29

Аймактардагы айрым депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду (тизме)

Turmush -  Бүгүн, 4-майда БШК Кемин, Токтогул, Чаткал, Майлуу-Суу, Баткен, Ноокат жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Анда жергиликтүү кеңештердеги айрым депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндө айтылат.

Аймактык кеңештердеги ыйгарым укуктары токтотулган жана мандатка ээ боло турган депутаттардын тизмеси:

- Чүй облусунун Кемин шаардык кеңешине КСДП партиясынан депутат болгон М.Өмүрбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – У.Нурсеитовго өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты А.Рысбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Н.Жумалиевге өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңешинин депутаты Э.Кошокбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Э.Шаршенбек уулуна өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги КСДП партиясынан депутат А.Батыркулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Э.Темирбаевге өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү Прогресс» партиясынан депутат болгон М.Шералиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – И.Матазимовго өткөрүлүп берилди;

- Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылдык кеңешинин депутаты А.Раимбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М.Расуловго өткөрүлүп берилди;

- Ош облусунун Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Н.Рузалиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Муталовго өткөрүп берилди;

- Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешиндеги М.Жуманазаров депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Р.Мамасадыковго өткөрүп берилди;

- Ушул эле аймактык кеңештин депутаты Э.Казак уулу ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Р.Топчубаевге өткөрүп берилди;

- Соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешиндеги депутат Г.Мережконун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С.Табалдиевге өткөрүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×