Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Айыл турмушу: 48 жаштагы К.Осмонова окуучу кезинен бери ыр жазып келет (фото)

Turmush -  Кемин районунун 48 жаштагы тургуну Карачач Осмонова кичинесинен ыр жазып, аларды келечекте жыйнак кылып чыгарууну кыялданат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча телеграф.

«Өзүм 1960-жылы төрөлгөм. 1984-жылы Кемин районуна келин болуп келдим. №18 техникумду аяктап, кесибим боюнча телеграфмын. Бирок бул кесибим менен 2 жыл гана иштедим. Желаргы кампасында да эмгектендим. Бирок 2016-жылдан бери Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө кирген Кыз-Күйөө, Желаргы жана Чолок айылдарынын жетекчиси болуп эмгектенип келе жатам. Айылдагылар менен чогуу иштешип, айыл өкмөттөн келген тапшырмаларды аткарып, мындайчаайтканда айыл тургундары менен айыл өкмөттүн ортосунда көпүрөбүз. Мага учурда алектенип жаткан ишим абдан жагат десем эч жанылышпайм», - деди ал.

Карачач Осмонованын учурда 50-60тан ашык ырлары бар.

«Эргүү келгенде ырларды жазам. Негизи кичинемден эле активдүү болчу экенмин. Мектептеги иш-чараларга катышып, ошондо эле ыр жазчумун. Учурда 50-60 ырларым бар. Келечекте бир ырлар жыйнагын чыгарсам деген тилегим бар», - деди ал.

Учурда анын 2 кыз, 2 уул жана 1 небереси бар.

Гүлдөр

Байкасаңар гүлдөрдүн көздөрү бар,
Баарлашып сен мени карагың дейт.
Сүйлөшсөңөр гүлдөрдүн сөздөрү бар,
Сыр чечишип жүрөктөн алалы дейт.

Сугарып сен жанында обон созсоң,
Жумшак жерге ыргалып бийлеп берет.
Көңүлүңдү сергитип бир заматта,
Жаман ойду алыска үйлөп ийет.

Суктанып мен гүлдөрдү карап туруп,
Өзүм дагы гүл болуп калгым келет.
Тартуулап сулуулукту айланага,
Белек болуп өмүргө баргым келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1227
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×