Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Фото — Балыкчылар Кара-Балта дарыясынын жээгинен белгисиз жандыктын терисин таап алышты

Turmush -  Балыкчы Кара-Балта дарыясынын жээгинен белгисиз жандыктын терисин таап алган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга балыкчы Тимур билдирди.

Маалым болгондой, 29-апрелде эртең менен эки балыкчы балык уулоого Суусамыр өрөөнүндөгү Көкөмерен дарыясына барышкан. Бирок суу тунук эмес болгондуктан балыкчылар кайра артка тартышкан. Жолдон бир азга тыным алышып, капчыгайдан, андан соң Кара-Балта дарыясынан балык уулоону көздөшкөн. Кийинки эс алуу учурунда балыкчылардын бирөөсү белгисиз жандыктын терисин таап алган.

«Сосновка айылындагы Кара-Балта дарыясынын жээгинен болжол менен саат 18:00 чамасында таап алдык. Бул учурда шериктешим экөөбүз эки жакта болчубуз. Мен дарыянын төмөн жагына кетсем, ал жогору тарапка кеткен болчу. Жээкке түшүп келе жатып, белгисиз жандыктын терисине чалындым. Теринин бир бөлүгүнөн тышкары эки сөөк жатыптыр. Аябай таң калдым. Башында мен табылганы бодо малдыкы деп ойлодум. Бирок кесилген жери адамдын манжаларына окшошуп кетет экен. Коркконумдан бул жерден тезирээк кетүүгө бел байладым. Бирок табылганын жанына жакын барып, кароо жүргүзүп баштадым. Жерде жаткан калдыктарды караганым менен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Мындан улам терини жергиликтүү тургундарга жана досума көрсөтүү үчүн өзүм менен чогуу алып кетүүнү чечтим. Терини көтөрсөм, салмагы болжол менен 150 грамм экен. Бирок аябай сасып, жыттанып кетиптир. Ошондуктан аны албай таштап кеттим», - деди Тимур.

Балыкчы терини бир нече жолу сүрөткө тартып, аны былыкчыларга, аңчыларга көрсөтүп, социалдык тармактарга жарыялап, табылга кайсы жандыкка таандык экенин сураган. Бирок ал ушул күнгө чейин эч кимден тийиштүү жооп алган эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4224
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×