Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Өлүм менен аяктаган жаңжал: Ысык-Атада 31 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип жарандык никедеги күйөөсү кармалды

Turmush -  Ысык-Ата районунун айылдарынын биринде 31 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип өзүнүн жарандык никедеги күйөөсү кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-майда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочулардан Ысык-Ата районунун айылдарынын бириндеги үйдө аял кишинин кыйкырыгы чыгып, ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышып, натыйжада аталган үйдөн аял кишинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун денесине кароо жүргүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгону маалым болгон жана ал 31 жаштагы К.А. аттуу тургун экендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 54 жаштагы А.С. аттуу жарандык никеде жашаган жолдошу кармалган. Териштирүү учурунда 31 жаштагы К.А. 54 жаштагы жолдошу А.С. менен пикир келишпестиктен улам уруша кетип, анын кесепетинен катуу сокку алган К.А. эсине келбей каза болгону ачыкка чыккан.

Бул окуя боюнча Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 780
Көп окулду
×