Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусу, Токмок 03.05.2018 15:37 На русском

Кызы менен бут кийим сатып алуу үчүн базарга барган аял соодагердин алтын жасалгалар салынган баштыгын уурдап кеткен

Turmush -  Токмок шаардык соту уурулукка шектелип кармалган Мираиданын (аты өзгөртүлдү, Т.М.С.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Кылмыштын чоо-жайы

Соттолуучу 2018-жылы 5-мартта саат 10:00 чамасында Токмоктогу «Булак» борбордук базарындагы дүкөндө Чынара (аты өзгөртүлдү, Т.Ч.М.) аттуу сатуучу анын 2004-жылы туулган кызы Салтанатка бут кийим көрсөтүп жатканда отургучтун үстүндөгү 48 миң сом, алтын чынжыр, алтын шакек, Samsung Galaxy J5 үлгүсүндөгү уюлдук телефон, косметикалык каражат жана паспорт салынган баштыкты (сумка) уурдап алган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө уурдалган баштык ээсине — жабырлануучуга кайтарылып берилген.

Соттолуучу Мираиданын көрсөтмөсү

Аталган күнү кызына бут кийим сатып алуу үчүн базарга барышкан. Ал жердеги дүкөнгө кирип, кызы бут кийим көрүп жатканда сатуучунун сумкасын өзүнүн баштыгына салып алган. Андан кийин кызы экөө үйүнө барып, уюлдук телефонду сууга ыргытып жиберген. 3-4 күндөн кийин базарга келип, алтын чынжырды 23 900 сомго күрөөгө койгон. Ал акчага азык-түлүк алып, батирдин акысын төлөгөн. Арадан 2 күн өткөндөн кийин кайрадан базарга келип, алтын шакекти 5 миң 200 сомго күрөөгө койгон.

Жабырлануучу Чынаранын көрсөтмөсү

Баштыктагы 48 миң сомго жаңы товар сатып алмак. Ал дайыма уулу алып берген алтын чынжыр менен шакекти тагынып жүрүп, бирок ошол күнү баштыгына салып койгон. Соттолуучу кызы менен бут кийим сатып алуу үчүн келип, бирок эч нерсе албай эле кетишкен. Ал баштыгынын ордунда жок экенин көрүп, сыртка чуркап чыгып, соттолуучуну таппай калган.

«Милиция кызматкерлери келип, арыз жаздым. 6-мартта коомдук дааратканада иштеген аял чакырып, баштыгымды берди. Ал баштыкты таап алганын айтты. Анын ичинде косметика жана паспортум эле бар экен. 27-мартта милиция кызматкерлери соттолуучуну кармап келишти. Учурда келтирилген материалдык чыгым төлөнө элек. Аны мыйзамдын чегинде жазалоону өтүнөм», - деди жабырлануучу.

Жыйынтыгында сот Мираиданы 3 жылга эркиндигинен ажыратып, 6 миң сом айып салды. Айып мамлекеттин пайдасына төлөнөт. Сот көрсөтүлгөн жазаны 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу деп эсептөө токтомун чыгарды. Ошондой эле Мираида Чынаранын пайдасына 102 миң 500 сом материалдык чыгым төлөп бермей болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×