Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 03.05.2018 11:10

«Окуучунун эжей деген сөзү мен үчүн керемет»: 15 жашында жетим калган мугалимдин жашоосундагы өксүгү жана ийгилиги (фото)

Turmush -  Суусамырлык мугалим Аида Медетбек кызы Кытайдын ойчулу Конфуцийдин айткан маанилүү сөздөрүн принцип катары кармап келет. Ал 1993-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылында туулган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Окууну баарынан биринчи койдум, жан дилим менен сүйдүм

Менин балачагым абасы таза, суусу мол Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылында өттү. Атам колхоздо чабан, кийин тракторист болду. Апам болсо өмүр бою атама кол болуп үйдө бизди тарбиялап, жокту бар кылып, барды көбөйтүп өстүрдү. Атам бардык нерсеге жөндөмдүү, эркекке тиешелүү иштин майын чыгарган устачылык жайы бар эле. Апамды айылыбыздын тигүүчүсү болчу десем жаңылышпайм. Дегеним, курактан баштап кийим-кече, мейли тон, мейли жууркан, айтор чүпүрөктөн укмушту жасаган колунан көрү төгүлгөн уз эле.

Мен үйдүн эң кичүүсүмүн. Менден уулу эжем жана агам бар. Үйдүн кенже кызы болгондуктан эрке кыз болчумун. Эркеликтен апамдын этегине жабышып алып, айылчылагандан калчу эмесмин. Айылыбыздагы орус тилчи Курманжан эжейим ары-бери өткөн сайын «ай бул кызыңды айылчылатып жүрүп келесоо кылмай болдуң, ушинтип ээрчип жүрсө кантип окусун» деп апамды тилдеп калчу. Бирок окууну баарынан бийик коюп, жан дилим менен сүйүп окудум. Мектеп босогосун аттаган кез алигиче эсимде. Үйдө каалаган нерсемди жасагандыктан мектепте чөйрө бир аз өөн учурады. Анын үстүнө класс жетекчим тартипти бекем сактаган, каардуу мугалим эле. Бир чети коркконумдан эле окуган окшойм деп калам. Мектепти жакшы окудум. 1-класста эле класстын президенти болуп шайландым.

IMG-20180503-WA0026

15 жашымда тоголок жетим калдым

Ошондой бактылуу күндөрдүн биринде балалыгыма, жашоомо буркан-шаркан түшүп, өзгөрүү болду. Баягы бактылуулуктун оту өчүп, мына эми бой жетип эне мээримине, анын кеңешине муктаж болуп турган кезде шум ажал апамды 43 жашында тигил дүйнөгө алып кетти. Көпкө ишене албай жүрдүм. Апам келгиче үйдү жыйнап коёюн деп, мектептен шашып келе жатып эле эсиме түшүп тык токтойм. Атам жөлөк болуп, оюмдан чыкпай жүрчү. Маңдайыма жазылганы ушулбу же апамдын күйүтү ичине түшүп кеткенби, айтор атам дагы апамдын аркасынан кете берди. Ошентип, 15 жашымда тоголок жетим калдым. Тагдырдын ачуу сыноосуна көнбөскө аргам жок болчу. Ал кезде агам үйлөнүп, эжем да өз турмуш жолунда болчу. Мен гана жападан жалгыз калдым. Сыртымдан билгизбей күлүп жүргөнүм менен ичимден сыза берем. Мектептен эптеп классташтарыма алаксып, үйгө келгим келчү эмес. Карыган таенем караан болуп, жанында жүрдүм.

Айылга батпай койдум

Убакыт өтүп, 9-классты аяктап, бүтүрүүчү класс деп классташтарымдын ата-энелери белектерин көтөрүп келип куттуктап жатышты. Мен болсо атам, апам келип калчудай болуп жолду карайм. Ошондо үйгө да, айылга да батпасымды билип, белди бекем бууп шаарды көздөй жөнөдүм. Өлбөстүн күнү өтө берет дегендей, таежем менен эжем алып барып окууга өткөрүп коюшту. Аны кааладымбы, каалаган жокмунбу эч кимди кызыктырган жок. Анткени ата-энем жок да. Алар болсо улам бир окууну айтып эркелеп отурбайт белем. Башка чөйрө, башка адамдар, бардыгы башкача. Кичинемден эч кимге жемимди жедирбеген зирек кыз элем, тайпалаштардын арасынан да тыңдыгым менен өзгөчөлөнүп турчумун. Шаарың эмне? Бассаң-турсаң акча. Кычырап кийинген кыздар. Мен да алардай болуп каалаганымды кийип, каалаганымды ичким келет. Бирок кайсы арыма? 1-курсту таежем алып берген бир шым менен бүтүрдүм десем эч ким ишенбесе керек. Бирок чын эле ошондой болгон. Башында сөз кылгандай бардык кайгы-мууңду жан кишиге айтпай ичимден сызып жүрө берип катуу оорудум. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдым. Бир туугандарым ооруканадан көзү ачык, табыптарга чейин алып барышты. Эмнеден ооруганым белгисиз. Акыры айылга ата-энемдин мүрзөсүнө барып, топурагын жыттаганда эс алдым. Көрсө кусалыктын, сагынычтын оорусу тура.

Тагдырдын сыноосу улана берди

1-курсту аяктап айылга келгенде ала качып кетишти. Бир уул, бир кыздын энеси болдум. Кайын журттун талабына көнүп, биринчи окуумду бүтүп, жогорку билим алган жокмун. Ошентип жолдошум экөөбүз түтүн булатып 3,5 жыл жашадык. Бирок тагдыр экен экөөбүз эки ажырым жолго түштүк.

Турмушум бузулгандан кийин сынган жокмун. Белимди бекем бууп, мектепте иштей баштадым. Мугалимдик кесипке ээ кылган жаратканыма миң мертебе ыраазымын. Окуучуларымды жакшы көргөнүмдөн кээде алар деп жүрүп, үйдө балдарым эстен чыгып кеткен күндөр да болгон.

IMG-20180503-WA0003

Жоопкерчиликти биринчи орунга коём

Изденүү ийгиликтин ачкычы демекчи, билим берүүдө 45 мүнөт убакыт жетишсиз деп түшүнүп, окуучуларды ар тараптан окутуунун жаңы ыкмаларын издеп келем. Иштеген ишимди кесиптештерим, демөөрчүлөрүм ар тараптан колдоп келгени мени кубандырат. Мен мугалимдик кесипти балдарыбыз үчүн тандадым. Бүгүнкү күндө жүздөгөн окуучуларым бар. Алардын ар бири керемет дүйнө. Мен ушулар үчүн жашайм жана кесибимди өтө сүйөм. «Мугалимдикти кантип тандасын», «акчасы эч нерсеге жетпейт», «балдарды окутуп, башың чирийт» деген сөздөрдү канчалык уксам да мен үчүн ар бир окуучунун эжей деген сөзү мен үчүн керемет. Миллиондоп акча таап байып же дүйнө кыдырып эс алгым келбейт. Бир гана 45 мүнөттүк ар бир сабагым кымбат.

Кесибин сүйгөн инсан мыкты жыйынтык берет деп ойлойм. Мына ошентип жүрүп кесиптештеримдин арасында кадыр-баркка ээ болуп, алардын каалоосу менен жетекчи да болдум. Жетекчилик ишимде жоопкерчиликти биринчи орунга коём.

IMG-20180503-WA0024

Кытайдын ойчулу Конфуцийдин айткандарын принцип катары колдоном.

- Кайра тарбиялабай туруп, дароо жазалоо бул — ырайымсыздык;

- Алдын ала эскертпей туруп, баарын дароо аткарууну талап кылуу бул — шашмалык;

- Буйрукту кеч чыгарып, бирок аны күтүүсүздөн кыска мөөнөттө аткарууну талап кылуу бул — зыянкечтик;

- Баардыгы биригип, каржылык жана материалдык каражаттарды берип жатканда сараң болуу бул — майдачылык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×