Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Токмоктогу убактылуу кармоочу жайдан качкан өспүрүмдөр кандай кылмыштар үчүн кармалган?

Turmush -  Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткенден кийин кармалган Леонид Ворончихин буга чейин уурулук үчүн соттолгон. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда АКИpress агенттигине Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Убактылуу кармоочу жайга камакка алынган 3 өспүрүм кечээ, 1-майда саат 07:00 чамасында качып кетип, ошол эле күнү кармалган болчу. Алар:

- 2002-жылы туулган Юсупахунов Руслан Гаширович, Токмок шаарынын тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу);

- 2000-жылы туулган Ворончихин Леонид Дмитриевич, Токмок шаарынын тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук);

- 2001-жылы туулган Порошин Анатолий Сергеевич, Токмок шаарынын тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү).

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы шектүүлөр кандай кылмыштар үчүн кармалганын айтып берди.

Леонид Ворончихин. 2017-жылы 19-ноябрда саат 14:00 чамасында Токмоктогу медициналык борборго кирип, 73 миң сом уурдап кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иш козголгон.

Анатолий Порошин. 2018-жылдын 18-апрелинде милиция кызматкерлерине адам өлтүрүлгөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Текшерүү учурунда аталган маалымат тастыкталган. Ыкчам тергөө тобу Токмоктогу талаада жерге көмүлгөн эркек кишинин денесин табышкан. Кийинчерээк каза болгон адамдын өздүгү такталып, 33 жаштагы жергиликтүү тургун экени тастыкталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жергиликтүү тургунду өлтүрүүгө шектелип А.Порошин жана 33 жаштагы Д.А. колго түшүрүлгөн. Алар спирт ичимдиктерин ичкенден кийин мушташ чыгып, аталган тургунду ур-токмокко алышкан. Андан кийин анын жансыз денесин талаага жашырып коюшкан.

Руслан Юсупахунов. Буга чейин бир нече жолу соттолгон. Ал март айында Токмоктогу дүкөндөрдүн бирине уурулукка кирген. Келтирилген чыгым 10 миң сомдон ашык болгон. Бул факты боюнча кылмыш иш козголгон. Шектүү 11-март күнү саат 02:00 чамасында турак үйлөрдүн бирине кирип, токтоп турган «Ауди» унаасынан 61 миң сом уурдаган. Андан кийин аталган үйгө кирип, «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонду уурдап кеткен. Үйдүн ээси ойгонуп, ууруну кармап калууга жетишкен. Үчүнчү факты — 2-мартта ал өзүнүн үйүнө уурулукка кирген. Ал эми 10-мартта башка жигит менен «Ауди-80» унаасын уурдоого аракет кылып, бирок унаа от албай калган. Ошол эле түнү алар аталган автоунааны уурдап, башка унааны талкалап кетишкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1625
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×