Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Айыл турмушу: 23 жаштагы ишкер классташтар эттүү үндүктөрдү 3500 сомго чейин баалашат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында жашаган 23 жаштагы 3 классташ 30 үндүк менен ишкерликти баштап, учурда алардын санын 800гө жеткиришти. Жаш ишкерлер менен аймактык кабарчы таанышты.

Классташтардын бири Эльдар Сулаймановдун айтымында, үндүк багып, ишкерлик кылуу деле оңойго турбайт.

«Капас уулу Эльчиман, Иса Жумалиев аттуу классташтарым болуп, "кандай иш кылсак болот, канткенде ата-энебизге жардам берип, өзүбүз да бутубуздан турабыз?" деп көп ойлонуп жүрдүк. Алдыда көптөгөн идеялар бар эле. Бардык ишкерликтин түрлөрүн карап, ысыгы менен суугун, чыгашасы менен кирешесин эсептеп отуруп, негедир ушул үндүк менен ишкерлик кылууга токтолдук.

Ошентип, 20 жашыбызда жеке ишкерлигибизди баштап, алгачкы жылы 30 үндүк сатып алдык. Аларды күндө карап багып, үндүктөрдүн мүнөзүн, жашоо образын, оору-сыркоосуна абай салып, байкоо жүргүздүк. Негизи алгачкы эки жыл жалаң байкоо жүргүзүү, тажрыйба топтоо менен өттү. Ортодон үндүктөрүбүз жылдан жылга көбөйүп отурду. Кийин үндүктөрдүн жөжө басышын күтүп отура бербей, чакан инкубатор сатып алууну да көздөдүк. Быйыл чоң үндүктөрүбүз 800 башка жетти. Кудайыма шүгүр, жөжөлөрүбүздүн санын азырынча айтпай туралы, алар аман-эсен чоңойсун», - деди ал.

Жаш ишкерлер учурда үндүктүн жөжөлөрүнүн бирөөсүн 450 сомдон сатса, чоңдорун 3500 сомго чейин баалашат.

«Бизде учурда BIG-6 (Канада), хайбрид конвертер (Словакия), бронза-708 (Франция) тукумундагы үндүктөр бар. Булар эт багытындагы үндүктөр. Ошондой эле, тез убакыттын ичинде семиргенге жөндөмдүү. Алардын салмагы 5 айда 22 килограммга чейин жетет. Бир чарчы метр жерге 2 үндүк батат жана үстү жабык чакан сарайларда бакса болот. Келечекте бул ишибизди дагы да өнүктүрүп, канаттуулар фабрикабызды да ачып алсак деген ой-тилегибиз бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9318
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×