Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Кантта аскерге чейинки даярдык боюнча спартакиада өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында аскерге чейинки даярдык боюнча окуучулар арасында спартакиада өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган иш-чараны Ысык-Ата райондук аскер комиссариаты облустук спорт комитети жана райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрдү. Ага жалпы 13 команда катышты. Ар бир командада 8 окуучу (6 бала, 2 кыз) болду.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Дмитриевка орто мектеби, 2-орунду Д.Мамашова атындагы орто мектеби, 3-орунду Ак-Тилек орто мектеби алышты. Жеңүүчүлөр кубок, медаль, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 533
×