Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуЧүй району 30.04.2018 11:40

Он Бир-Жылга айыл өкмөтүнө 3,5 млн сомго техника алынды (видео)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Он Бир-Жылга айыл аймагына 3,5 млн сомго жаңы техника алынып келинди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттүн башчысы Ильичбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, жол оңдоочу техниканы сатып алууга АРИС долбоорунан 2 млн 600 миң сом, ал эми айыл өкмөттөн 900 миң сом бөлүнгөн.

«СССР тарагандан бери жайыттардын жолдору оңдоло элек болчу. Эми бул оор техника менен жолдорду жаңыртабыз. Кыш мезгилинде кыштоолордун жолдору бүтөлүп калат. Техниканын жардамы менен жолду тазалап, ачып турабыз. Жолдорду көбүнчө суу кирген убакта келген сел бузуп, көпүрөлөрдү алып кетет», - деди ал.

Он бир-Жылга айыл аймагынын курамында 4 айыл бар. Жалпы 6 миң 484 адам жашайт. Ал эми жайыт жерлердин аянты 10 миң гектарды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×