Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Кеминде «Сары-Өзөн чолпондору» фестивалы өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Кемин районундагы А.Акаев атындагы Кызыл-Байрак орто мектебинде «Сары-Өзөн чолпондору» фестивалы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жылына карата таланттуу окуучулардын жана чыгармачыл жамааттардын өнөрлөрүн өркүндөтүүгө шарт түзүү максатында уюштурулган.

Фестивал-сынактын жүрүшүндө окуучулар вокал (классика, эстрада, элдик), хореография (элдик, эстрада, бал бийи), элдик фольклор, музыкалык инструменттерде ойноо, театралдык өнөр боюнча таланттарын тартуулашты. Иш-чарага облустан түзүлгөн атайын калыстар тобу күбө болушту. Ал эми фестивалдын катышуучулары дипломдор менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 424
Көп окулду
×