Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу 27.04.2018 12:28 Жаңыланды: 27.04.2018 12:48 На русском

Москва шаарында 500 млн долларга соода борборун сатып алган кыргызстандык ким?

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов укук коргоо органдарын ичинен тазалоо зарыл деген пикирде. Мындай оюн «Ата Мекен» фракциясынын бүгүн, 27-апрелдеги отурумунда айтты.

«Мисал келтирейин. Москва шаарында кыргызстандык адам 500 млн долларга соода борборун сатып алды. Ал адам ким? Бизде ушундай бай адамдар барбы? Эгерде ал ушундай соода борбор сатып алып жатса салык төлөшү керек. Аны кайда төлөдү? Сиздерде бул тууралуу маалымат барбы?», - деп сурады ал.

Ага жооп узаткан Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары бул тууралуу маалымат беришерин айтты.

-------------------------------------------------------

Буга чейин Москванын түштүгүндө жайгашкан соода борборунун сатыкка коюлушу жана сатып алган тарап тууралуу жарыяланган маалыматтарды толугу менен Tazabek басылмасынан окуңуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×