Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 27.04.2018 10:33

Айыл турмушу: Ата-энеси Казакстанга конокко барганда төрөлгөн Р.Тилегенова эркин күрөштөн ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунун 24 жаштагы тургуну Розалия Тилегенова 4-классынан бери спорт менен машыгып келет. Ал 1994-жылы Казакстан Республикасында төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, таенеси казак элинин кызы болот.

«Ата-энем таенемдикине конокко барып, мен ошол жерден төрөлүп калган экенмин. Алгач 1-класстан 7-класска чейин Кайыӊды айылындагы орто мектепте окуп, кийин Ш.Сыдыков атындагы орто мектептен 11-классты аяктадым. Андан соӊ Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бажы жагын бүтүрүп, дароо Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырдым.

4-класстан бери спорт менен машыгып келем. Башында айылда футболго 4 жылдай катышып жүрүп, кийин спорт мектепке тапшырганда кыздардын командасы жок болгондуктан гимнастика жагында окуп калгам. Ошондон бир жыл өтүп, спорттун эркин күрөш түрү менен машыгып баштадым.

Негизи мыкты спортчу болууну бала кезден кыялдандым. Чоӊойгондо жакшы машыктыруучу да болом дечү элем. Буюрса тилектериме четинен жетип келе жатам», - деди ал.

Спортчу кыз Азия чемпионатында 2 жолу коло медалдын ээси болгон. Ал Кыргыз Республикасынын бир канча жолку чемпиону, спорттун чебери да аталган. Үй-бүлөдө болсо жалгыз кыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×