Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусу, Кант 26.04.2018 15:00

Айыл турмушу: Ж.Кемпирова 5 жылдан бери куткаруучу кызматында эмгектенип келет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 30 жаштагы тургуну Жылдыз Кемпирова 5 жылдан бери ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгында эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жылдыз Кемпирова 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

«2006-жылы Кант шаарындагы №2 орто мектепти аяктагам. 2009-жылы Академик У.Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана технологиясы институтунун экономика адистигине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. Ал эми ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн инженери болуп 2013-жылдан бери эмгектенип келе жатам. Табигаттын кырсыктары менен күрөшүп, адамдардын өмүрүн сактап калуу — жоопкерчиликтүү иш. Мен бул кесипте иштеп калганыма абдан сыймыктанам.

Көпчүлүккө белгилүү болгондой, биздин жумуш ары татаал, ары түйшүктүү. Жакшы жагы — элибиздин коопсуздугун камсыз кылуу менен экономикага аз чыгымдарды алып келүү, ал эми жаман жагы — айрым жарандардын бизге болгон ыксыз нааразычылыктары. Ошончо аракет кылып иштесеӊ да, кээ бирөөлөр рахмат айткандын ордуна нааразы боло беришет. Бирок биз ага карабай өз милдетибизди так жана ак өтөп келебиз.

Үзүрлүү эмгегимдин арты менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардак грамотасы жана башка көптөгөн мактоо баракчалар менен сыйлангам. Келечекте ушул кесибим менен ийгиликтерди жаратып, элиме пайдам тийсе дейм», - деди ал.

Жылдыз Кемпирова үй-бүлөдө 3 бир туугандын экинчиси, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×