Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Денени жуурканга ороп, чарбакка көмүп коюшкан: Мас абалдагы киши жарандык никедеги аялынын курбусун муунтуп өлтүргөн

Turmush -  Чүй облустук соту Андрей (аты өзгөртүлдү, А.А.М.) менен Ольганын (Д.О.А.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Буга чейин Ысык-Ата райондук соту Андрейди 20 миң сом айып салуу менен 17 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагына эркиндигинен ажыраткан. Ал эми Ольгага карата 20 миң сом айып салуу менен 12 жылга аялдардын түзөтүү абагына камоо чечими чыккан.

Кылмыштын чоо-жайы

2015-жылы 20-ноябрда Андрей менен Ольга (жарандык никеде жашашкан) жашаган Кант шаарындагы үйгө алардын таанышы Зинаида (аты өзгөртүлдү, М.З.А.) конокко келген. Алар спирт ичимдиктерин ичкенден кийин мас абалдагы Ольга уктап калган. Анын жанына жаткан Зинаиданы Андрей каршылыгына карабай зордоп, муунтуп баштаган. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде көз жумган. Андан кийин Андрей Ольганы ойготуп, алар денени жуурканга ороп, чарбакка көмүп коюшкан. Кийинки күнү каза болгон аялдын кийимдеринин айрымдарын өрттөп, калганын Зинаиданы издеп келген адамга беришкен.

Соттолуучу Андрейдин көрсөтмөсү

2015-жылдын 20-ноябрында Ольганын курбусу Зинаида келип, үчөө спирт ичимдиктерин ичишкен. Ольга мас болуп, уктап калганда Зинаида сөгүнүп баштап, экөө уруша кетишкен. Ачуусу келген Андрей аны муунтуп өлтүрүп алган. Ал каза болгон аялды жөн гана тынчтандыруу үчүн муунткан. Анын айтымында, Ольга бул окуяны көргөн эмес. Ошондой эле денени жашырууга да катышкан эмес. Андрей Ольганын бул ишке тиешеси жок экенин айтып, аны бошотууну суранды.

Соттолуучу Ольганын көрсөтмөсү

Жабырлануучу менен бир нече жыл мурун саунада иштеп жүргөндө таанышышкан. Андан кийин аны саунадан Андрей алып кетип, чогуу жашап башташкан. Окуя болгон күнү Зинаида кабар бербей эле келген. Ал алып келген аракты ичкенден кийин мас болуп, уктап калган. Түндө уктап жатканда Андрей ойготуп, курбусунун каза болгонун айткан. Ал Зинаидага жасалма дем алдыруу жасаганы менен жыйынтык чыккан эмес. Ал Андрейге ачууланып, уктап калган. Окуя тууралуу эч кимге айткан эмес. Алар жарандык никеде 11 жылдан бери жашап жатышкан.

«Андрейге анын кийимин өрттөп салууну айттым. Зинаида дайыма Андрейге көңүл бурчу. Мен экөөнүн ортосунда жыныстык катнаш болгонун билдим. Андрей да муну мойнуна алды. Мен аны өлтүрүүгө жана денесин жашырууга катышкан жокмун», - деп көрсөтмө берди Ольга.

Жыйынтыгында облустук сот райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2571
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×