Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.04.2018 18:13

Айыл турмушу: Баатыр эне Г.Мамырбаева билим берүү тармагында 32 жылдан бери эмгектенип келет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 55 жаштагы тургуну Гүлнар Мамырбаева билим берүү тармагында 32 жылдан бери эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлнар Мамырбаева учурда Кара-Балта шаарындагы бала бакчаны жетектейт.

«Бала бакчада балдар дүйнөсү менен аралашып, чарчаганыӊды да билбейсиӊ. Ар бир күнүбүз кызыктуу окуяларга бай. Бир окуя эсиме келе түштү. Бир жолу эгиз балдардын бири байпагын таппай калды. "Байпагым жок" деп кеткиче ыйлап, биз баарылап издеп, бирок такыр таппай койдук. Байпагын жоготкон эгиздин бири үйүнө барып да "байпагым жок" деп кечке ыйлаптыр. Апасы кечинде баласы уктап калганда, аны чечинтип төшөккө жаткырыптыр. Кийимин караса эле баягы байпагы ички шымынын ичинде жүрүптүр. Көрсө байпагын биринчи кийип, андан кийин жука шымын (колготки) кийип алып, кайра байпагын издеп ыйлаган экен», - деди ал.

Орус тилчи мугалим эмгек жолун Москва районундагы Карл Маркс атындагы орто мектебинен баштаган.

«1980-жылы №5 мектеп-гимназияны бүтүрүп, андан соң педагогикалык окуу жайга барып, аны 1986-жылы аяктагам. Андан кийин Москва районундагы Карл Маркс атындагы мектебинен эмгек жолумду баштадым. Кийин бир катар мектептерде билим берип, 1993-жылы Кара-Балта шаарына көчүп келип, 1998-жылы аталган шаардагы №5 орто мектебине мугалим болуп эмгектендим. Директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп да иштедим. Бала бакчага 2012-жылы которулгам. Алгач "Малыш" бала бакчасында жетекчи болуп иштеп, кийин жаӊы ачылган “Нур-Бешик" бала бакчасына директор болуп дайындалдым», - деди ал.

Гүлнар Мамырбаева 1963-жылы Панфилов районунун Кум-Арык айылында төрөлгөн.

«Үзүрлүү эмгегимдин арты менен бир топ сыйлыктарга татыдым. Жети баланын энеси катары "Баатыр эне" орденин, билим берүүдө КРдин "Билим берүүнүн мыктысы" жана "Мээримдүүлүк" төш белгилерине ээ болдум.

Жолдошум Артисбек Бейшекеев экөөбүздүн 5 кыз жана 2 уулубуз бар. Кыздардын улуусу 30 жашта болсо, кичүүсү 19 жашта», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×